Ошто "ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу аймактык милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы жигит кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар аны ур-токмокко алуу менен уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.