"Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине катыша турган курам 9-январда "Сатурн" футболдук клубу менен жолдоштук оюн өткөрөт

22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өлкөнүн жаштар курама командасы "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине даярдыкты кызуу көрүп жатат. Машыгуу сбору 3 күндөн бери жергиликтүү "Динамо" футболдук клубунун базасында болууда.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, Мирлан Эшеновдун шакирттери күнүнө эки маал (эртең менен жана кечинде) машыгуу өткөрүп жатышат. Команда 9-январда орусиялык "Сатурн" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрөт. "Сатурндун" оюнчулары сезондун экинчи жарымына карата даярдыкты жакын арада гана баштаганын клубдун расмий сайты кабарлайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
daniyar93
2016-01-08 08:34:07
Iygilik
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан