Токмок шаарында кечээ жоголуп кетип, бир канча убакыттан кийин жер төлөдөн табылган кыздын ата-энеси бул факт боюнча арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Асылбек Токтомушев билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси алгачкы медициналык кароодон таза чыккандан кийин милицияга арыз жазбагандыгын билдиришкен.
"Кыздын ата-энеси арыз жазбагандыктан, бул факт боюнча кылмыш иши козголбойт, кылмышка шектүү изделбейт",- деди А.Токтомушев.
Айта кетсек, кечээ саат 17:00 чамасында 5 жаштагы кыз эшикке чыккан бойдон дайынсыз болуп, 2 саат убакыт аралыгынан кийин жер төлөдөн табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кичинекей кызды жер төлөгө белгисиз жигит ээрчитип барган. Буга чейин тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу, бирок ата-энеси арыз жазуудан баш тарткандан кийин бул окуя иликтенбейт.