Борбор калаада жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки адам жабыркады. Күбөлөр билдиргендей, жол кырсыгы Тыныстанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Авенсис жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Катуу соккудан улам Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып жол боюндагы тосмону бузуп, ал жактагы куруучуну сүзгөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы куруучуну жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсүн алып кетти. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.