Токмок шаарында бир нече саатка дайынсыз жоголуп, кийин жер төлөдөн табылган 5 жаштагы кыздын зордукталбаганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Асылбек Токтомушев билдирди.
"Кыздын ата-энеси аны Республикалык соттук-медициналык борборго текшерүүгө алып барып келишти. Анын жыйынтыгы боюнча кыздын денесинен зордуктоонун белгилери, көк ала тактар табылган эмес", - деди А.Токтомушев.
Айта кетсек, кечээ саат 17:00 чамасында 5 жаштагы кыз эшикке чыккан бойдон дайынсыз болуп, 2 саат убакыт аралыгынан кийин жер төлөдөн табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кичинекей кызды жер төлөгө белгисиз жигит ээрчитип барган. Буга чейин тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу, бирок ата-энеси арыз жазуудан баш тарткандан кийин бул окуя иликтенбейт.