Нарын облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзамсыз түрдө сакталып келген ок атуучу курал табылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ак-Талаа айылынын тургуну эч кандай тиешелүү документтери жок, 1960-жылы жасалган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды үйүндө сактап келген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.