Орусияда күзөтчү болуп иштеген кыргыз жараны "мас абалында унаа айдап, жол кырсыгын жаратты" деп айыпталууда

Орусиянын Якутск шаарында 21 жаштагы кыргыз жараны "мас абалында унаа айдап, жол кырсыгын жаратты" деп кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, жаран акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайда күзөтчү болуп иштеген. "Январь айынын башында кылмышка шектүү жаран жумушунда достору менен арак ичип отурган. Арак түгөнгөндө ал токтотулган унаалардын бирин айдап, достору менен дүкөнгө жөнөгөн. Жолдо унааны башкара албай жол кырсыгын жаратып, достору менен кырсык болгон жерден качып кеткен.
Башка бирөөнүн унаасын ээлеп алуу боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси жергиликтүү полиция тарабынан каралууда"
,- деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Parish
2016-01-08 13:59:56
Ботон жерде жоон эле журбоптур.
0
Rifle_2
2016-01-08 15:10:34
Аябай ысык болуп кеткен окшойт . Мас абалында , стоянкада турган башка эле бироонун машинасын айдаса. Негизи бир аз опкосунколтуктап алган жаран окшойт .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан