Ботулизмден улам Тогуз-Торо районунан Бишкекке алынып келген эки жаран комада жатат

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына ботулизм оорусу менен түшкөндөрдүн саны кескин көбөйдү. Учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда 5 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын директору Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө ботулизм оорусу менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 18 адамга жетти. Өткөн жыл менен салыштырсак, жыл аралыгында бул оорудан жабыркагандардын саны 37ни түзгөн. Учурда ооруканада Кочкор районунан келгендердин саны көп, алардын айтымында, алар чогуу отурушта болуп, козу карындан жасалган салат жешкен. Ал эми Тогуз-Тородон келген 2 жарандын абалы өтө оор, алар сүйлөбөй, кыймылдай албай калышкан. Учурда алар аппараттын күчү менен дем алышууда. Жалпысынан жандандыруу бөлүмүндөгү оор абалдагы 5 жаранга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - дейт Г.Аалиев.

Дарыгердин айтымында, ооруканага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү козу карын жегенден кийин өздөрүн начар сезе баштаган.

"Ботулизм оңой оору эмес, эгер өтүшүп кетсе, адам майып болуп же каза болуп да калышы мүмкүн. Ошол себептен улам консерваланган азыктардан жана козу карын жегенден алыс болууга чакырат элем", - деп кошумчалайт Г.Аалиев.

Азыктан ууланган бейтаптардын абалы оор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
deva
2016-01-08 16:57:08
ботулизм өлүмгө жеткирет! Окуп койгула!
http://www.super.kg/article/show/34691
+1
aku
2016-01-08 17:17:52
Кудай сактасын.
+1
Rifle_2
2016-01-08 17:44:48
Салатты сатып алганбы же өздөрү жапкан салатбы ?
Сатып алган болсо, кененирээк жазсаңар. Мен окугандан кийин эле салат сатып албай жатам. Бизде ооруканада ПБС бар деп бүгүн жыйында билдиришти. Баары бир коркунучтуу.
+1
Koshaly
2016-01-08 18:35:11
Rifle_2,салатты Бишкек шаарынан сатып алган экен
+1
Moskva.kg
2016-01-08 18:47:06
Ар бир продукциянын мооноту болот ошол датаны карап алыш керек консерваланган эмес башкасы деле ошондой бизде мооноту буткон продукциялар деле сатыша берет ошолорду жоопко тартыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан