Тогуз-Торо районунда 5 адам консерваланган азыктан ууланып, бири каза болду

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 5 адам консерваланган азыктан ууланды. Алардын бири ооруканага алынып келе жатып жолдон каза болуп калды. Учурда экөөнүн абалы оор болуп, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экенин 8-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын директору Гүлжигит Аалиев билдирди.

Ошондой эле бул ооруканага 7-январда Кочкор районунан 10 адам консерваланган азыктан ууланып түшкөн. Азыркы учурда алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Алардын бири кош бойлуу келин. Калгандары жалпы бөлүмдө дарыланып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Koshaly
2016-01-08 13:01:53
Толугуурак айта кетейин мен да Тогуз Тородон болом
консерваланган тамакты (салат) Бишкек шаарындагы базарлардын биринен сатып алган экен . Жана 5 адамдын ичинен экоо каза болгон ..айтарым Бишкек шаарындагы кочодо сатылган тамактарды козомолго алыш керек,болбосо мындай окуялар кайталана берет.
+8
janka7
2016-01-08 14:11:29
Негизи уй шартында жабылган консервалар абдан кооптуу болуп жатат,абайланыздар
0
nelya88
2016-01-08 16:11:45
Азыркы учурда кышкы салаттарды консервалап жасоо кооптуу болуп калды.Бир себеби- жашылчалар экологиялык жактан таза эмес,кобу селитра менен остурулот. Мисалга алсак, баардык салаттарга кошула турган чеснок да кытайдан коп келип жатат,ал кандай шартта остурулоорун коп эле адам биле бербесе керек..
+1
deva
2016-01-08 16:56:36
Ботулизм өлүмгө жеткирет! Окуп койгула!
http://www.super.kg/article/show/34691
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан