Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалышты

Баш калаада бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу 8-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал таңкы саат 06:30 чамасында белгисиз адамдар күч колдонуп 1000 сом акчасын тартып алышканын айткан. Буга шектүү катары И.Рашид жана С.Мурат аттуу эки адам кармалды.

Мындан сырткары 19 жаштагы А.Айзирек аттуу кыз "Леново-760" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айтып арыз жазган. Уурулукка шектүү катары 17 жаштагы А.Жанболот колго түшүрүлдү.

Ал эми шаар тургуну 48 жаштагы А.Совет белгисиз адамдар Логвиненко жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде унаасынан 5000 сомдук фотоаппаратын уурдашканын маалымдаган. Буга шектелип Чүй облусунун 38 жаштагы тургуну С.Павел кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Enjoy.kg
2016-01-08 19:29:30
Дагы кимдер кармалды? биздин машинабызды да тоноп кетишиптир,жана праваны да кошо которо кетиптир аны эмне кылат дейм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан