Белгилүү франциялык дарчы (дар үстүнөн басуучу) Танкред Меле 30 метр бийиктиктен кулап каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 32 жаштагы Меле Франциянын түштүк-чыгыш тарабында Дром аймагында өзүнүн белгилүү трюктарынын бирин аткарып жатып кулап түшкөн.
"Экстремалдык спортто андан көптөгөн дарчылар үлгү алышкан. Ал бийиктикте басуу, парашют менен секирүү жана башка спорт түрлөрү боюнча мыкты жетишкендиктерге жеткен. Мындан тышкары Меле альпинист жана жогорку деңгээлдеги спортчу болгон. Экстремалдык спортко чейин ал 4 жыл инженер болуп иштеген. Анын артында кичинекей кызы калды",- деп жазышат басылмалар.