Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айыл аймагында ири көлөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 44 жаштагы Б.М. аттуу тургунга таандык ашкананын кампасынан 4 даана капка салынган, жалпы салмагы 48 килограмм болгон марихуана жана эч кандай документтери жок 2 даана ок атуучу курал мыйзамсыз сакталып турган жеринен алынган.
"Аталган факт боюнча Кара-Көл шаардык милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан "ири көлөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз сатуу, сактоо, алып жүрүү жана жүгүртүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда кылмышка шектүү жарандын шериктерин аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө",- дешти милициядан.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 12-декабрында Сузак районунда ашкабактардын ичинен 1 килограмм 805 грамм героин табылган.