Балбан Арсен Эралиев: "Жетиштүү тажрыйба топтодум, быйыл "Рио-де-Жанейро" Олимпиадасында медаль алышым керек"

Быйыл 5-21-август аралыгында Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Жайкы Олимпиада оюндары өтөт. Ааламдын көңүлүн бурган мелдешке 200дөн ашык мамлекеттен 800гө чукул спортчу катышары күтүлүүдө. Анда жалпысынан 306 комплект медаль ойнотулмакчы.

Кыргыз мамлекетинен аталган мелдешке катышуу укугуна азырынча жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев ээ болгон. Олимпиадалык жолдомонун ээси Арсен Эралиев SUPER.KG порталына маек куруп, быйылкы Олимпиадада медаль алуу үчүн болгон күчүн жумшай турганын билдирди.

"Олимпиада оюндарына барууну ар бир спортчу бала кезинен кыялданат. Бул мелдешке грек-рим күрөшүнөн дүйнөдөгү 20 мыкты балбан катышат. Мен буга чейин "Лондон-2012" Олимпиадасына катышып, утулуп калгам. Бул жолу ката кетирбешим керек, болгон аракетти көрүп, медаль утканга аракет кылам. Ооба, 29 жашка чыктым, жетиштүү тажрыйба топтодум. Спортто бул жашка жеткенде жаракат көбөйө берет. Олимпиададан кийин спорттук карьерамды токтотушум мүмкүн. Андыктан мелдешке акыркы мүмкүнчүлүгүм катары барып, катышам",- дейт 59 килограмм салмакта күрөшө турган спортчу.

Маалым болгондой, грек-рим күрөшү боюнча курам ушул айда Грузияга машыгуу сборуна жөнөп кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jake91
2016-01-08 16:24:12
ийгилик калайм
+1
Patriot...kg
2016-01-08 18:06:07
Ийгилик
+1
Delfinchik
2016-01-08 18:17:56
Беш Камандан чыккан Арсенге ийгилик Кыргыз элин бир кубантчы медаль тагынып
+1
zamir-bek
2016-01-08 20:23:22
Тилегин кабыл болсун баатыр.
+1
Ruslan_d
2016-01-08 21:35:04
Алга Арсен!
+1
karona
2016-01-09 03:50:24
Аллах колдосун!Ийгилик!
+1
zhusaliev89
2016-01-09 06:57:35
Алтын медальды алып кел
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан