Екатеринбургда 13 жаштагы Канат кызы Айганыш 4-январдан бери дайынсыз деп изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берип орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал 4-январда саат 21:00 чамасында дүкөнгө чыгып, кайра келген эмес. Мындан улам кыздын жакындары полиция кызматкерлерине кайрылышкан.
Анын бою 145 сантиметр, кой көз, кашы калың, чачы кара. Ошол күнү күлгүн түстөгү күрмө, кочкул кызыл моюн орогуч, токулган баш кийим, кочкул кызыл лосина, күрөң кышкы өтүк кийип жүргөн.
Көргөн-билгендер полиция кызматкерлерине (343) 370-41-66 же 356-42-11 телефон номурлары аркылуу билдиришсе болот.