Кытайдагы Чжэнчжоу шаарында бульдозер иштеп жаткан оорукананын дубалдарын, ага кошулуп курулган өлүккананы сүрүп кетти. Жыйынтыгында оорукананын кызматкерлери жаракат алышса, 3 миллион долларлык жабдуу жарактан чыккан. Ошондой эле өлүкканадагы 6 адамдын сөөгү урандылардын астында калган. Бул тууралуу 8-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик оорукананын имаратын сүрдүрүү менен бирге жолду кеңейтмек. Мындай чечим бир жыл мурун кабыл алынып, бейтапкананын бир бөлүмү көчүрүлгөн эле. Ошентсе да айрым бөлүмдөр иш алып барып жатышкан. Аларга сүрдүрүү тууралуу алдын ала эскертилбегени айтылууда.