Кишинёв шаарында жарылуу болуп, анын кесепетинен 20 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 4 адамдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, жарылуу борбордук базарда жайгашкан тез тамактануучу жайдын жер төлөсүндө болгон. Жабыркагандардын арасында жаш балдар бар экендиги аныкталды. Күч органдарынан билдиргендей, жарылуу газ баллонду туура эмес колдонуудан улам да болушу мүмкүн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.