Футбол боюнча улуттук курам быйыл Филиппин курамасына каршы 2 жолдоштук беттеш өткөрөт. Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайтында кабарлангандай, алгачкы беттеш 6-сентябрда кыргыз жеринде өтөт. Кийинки беттеш 9-ноябрда Филиппинде орун алат.
Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда бул эки команда тең өз тайпаларында 3-орунду ээлеп турат. Филиппин курамасы "Н" тайпасында Түндүк Корея жана Өзбекстан курамаларынан кийинки орунду ээлеп турат. Ал эми улуттук курамабыз өз тайпасында Австралия жана Иордания курамаларынан артта калган.