8-январь күнү Москванын Шереметьево аэропортунан 285 жүргүнчүсү менен учуп чыккан учак Кытайда кырсыкка учурагандыгы айтылып, бирок маалыматтар жашырылып жатканын Орусиянын маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматтарда "Москва-Пекин аба каттамында жүргөн орусиялык Airbus 330-300 учагы 12 саат кармалып, кийин келди деп айтылган, бирок аба майданына келип конгон эмес. Кытайдын массалык маалымат каражаттары "Орусиядан келген учак кырсыктап, 20 чакырымдык аралыкка чачырап кетти" деп жазып чыгышкан, ал эми анын жүргүнчүлөрү тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Көп өтпөй учактын кырсыктаганы тууралуу маалыматтар жок болуп чыкты" деп айтылууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, "Аэрофлот" компаниясынын учагы Пекиндеги Шоуду аба майданына келип коноруна саналуу убакыт калганда ал радардан көрүнбөй калган. Азырынча расмий маалыматтар бериле элек.