Бишкекте 90 жаштагы кемпир түтүнгө ууланып каза тапты

Борбор калаадагы кичи райондордун биринде жайгашкан үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 90 жаштагы Б.Надежда аттуу үй ээси түтүнгө ууланып, ооруканага жетпей каза болду. Өрттүн келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 11-январда билдирди. Ошондой эле ӨКМнын маалымат кызматы өткөн сутка ичинде борбор калаада 4, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
newman
2016-01-11 10:04:41
Эх, 90 до экен, башкачараак олум болсо э.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан