Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 9 адам жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 9 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 10-январь күнү саат 20:14 чамасында болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 169-чакырымында Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Вито үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, кыпчылып калган адамдарды жана каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышкан. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилсе, каза болгондордун денелери милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан