Чек ара кызматкерлери тарабынан Тажикстандан аткезчилик жолу менен 1,8 тонна алюминийди өлкө аймагына өткөрүүгө аракеттенген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январь күнү Тажикстандын аймагынан кыргыз өлкөсүнө Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа менен 1,8 тонна алюминийди аткезчилик менен өткөрүүгө аракеттенген жаран токтотулган. Анын эч кандай тиешелүү документтери жок экендиги аныкталып, ал Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.