Борбор калаада унаа уурдоого шектелип жергиликтүү 2 тургун кармалды

Борбор калаада унаа уурдоого шектелип жергиликтүү 2 тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ысык-Көлдүн 29 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал Чуйков көчөсүнөн белгисиз эки киши анын Степвагон үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөр унааны башкарып жүргөн кезде кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан