Бишкекте алдамчылык фактысына шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы Н.Садикжан аттуу жаран кайрылган. Анда ал анын жакын эмес таанышы ишенимине кирип, башка факультетке которууга жардам берем деп 3 миң доллар алып, алдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы С.Айдин аттуу жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.