Москвада өткөн “Кубок русских царей-2016” Эл аралык турниринде өлкөбүздүн бийчилери 8-орунду алышты

9-10-январда Москвада өткөн спорттук заманбап жана бал бийлери боюнча “Кубок русских царей - 2016” Эл аралык турниринде өлкөбүздүн бийчилери 8-орунду алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Спорттук бий федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей жуптугу жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. Алар WDSF International Open категориясындагы чоңдор арасындагы латын программасында 8-орунду ээлешти. Тилекке каршы, алар Румыния, Болгария, Польша, Норвегия жана Орусия Федерациясынан бийчилерди да артта калтырышканы менен, финалга чыга албай калышты. Жалпысынан турнирге 95 жуптук катышкан. Ушул эле категорияда кыргыз жергесинен барган спортчулар Фарух Мамажанов жана Надежда Бурау 27-орунга, Рустам Резванов жана Алеся Володина 34-орунга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан