Бүгүн Месси, Неймар жана Роналдунун бири "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталып, жеңүүчүгө "Алтын топ" сыйлыгы тапшырылат

11-январь футбол сүйүүчүлөрү үчүн көптөн күтүлгөн күн экени талашсыз, анткени бул күнү Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусу аныкталат. Сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи Бишкек сааты боюнча 23:30да башталат. SUPER.KG порталы иш-чарадан кабар алып турмакчы.

Кошумчалай кетсек, "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин тизмесине Криштиану Роналду, Лионель Месси жана Неймар кирген.

Неймар менен Месси "Барселонанын" курамында өткөн жылы Чемпиондор Лигасын, Испания чемпиондугун жана Испания кубогун утушкан. Август айында Месси "Европанын мыкты футболчусу" болуп табылган (УЕФАнын версиясы боюнча). Криштиану Роналду команда менен жеңишке жетише алган жок, бирок сезондо өз эсебине 61 гол жазып, карьерасында 4-ирет "Алтын бутса" сыйлыгына ээ болгон. Футболчулардын жетишкендиктери жана "Алтын топту" ким алары тууралуу SUPER.KG`нин болжолу менен бул жерден тааныша аласыз...

Бул күнү ошондой эле "Мыкты машыктыруучу" наамы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Талапкерлердин катарында Хорхе Сампаоли (Чили курама командасы), Луис Энрике ("Барселона") жана Хосеп Гвардиола ("Бавария") сыяктуу машыктыруучулар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
asad345
2016-01-11 14:57:58
Неймар алат эстеп койгула
0
shailoo2015
2016-01-11 15:06:58
МЕССИ алат туугандар
-2
islamchik
2016-01-11 15:15:35
Месси алат буюрса))))
-1
Maks_shop
2016-01-11 15:30:39
Месси сени менен биз
0
odin-takoy
2016-01-11 15:31:06
Месси алса жакшы болот еле наймар дагы коп топ алат азыр мессинин доору
+3
PATRIOT-98
2016-01-11 15:49:11
Дунонун баары Месси алат экенин билишет. ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
admin_portal
2016-01-11 16:18:12
PATRIOT-98 - 5 күнгө БАН!
Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Patriot...kg
2016-01-11 16:34:40
admin_portal,туура
+2
Ruslan_d
2016-01-11 16:52:43
Роналду алыш керек ал быйыл алтын бутсаны алган дегеле жеке футболчулардын корсоткучтору карасанар бардыгынын сап башында Роналду.
-2
Aduk_aksuu
2016-01-11 17:08:19
messi alat , kuda kaalasa
+1
elmurat.kg
2016-01-11 17:53:20
КТРК-Спорт каналдан берет бекен туз эфир?АДМИН
+1
beku5761
2016-01-11 19:07:24
Реалдын фанаты катары айтарым быйыл месси алса татыктуу алган болот. Быйыл 5 трофей утту. Бирок 2010-2012-жылдары алтын топту татыксыз алган. Ал жылдары хави жана инеста алышы керек эле. Быйыл Крио командалык эсепте эч нерсе уткан жок бирок португалияны евро 2016га откорду жана коптогон голду киргизип оздук рекортун жанылады. Бирок бул корсоткуч жетишсиз трофей жок болгондуктан. Кийинки жылы иншаллах алат
-1
Sema04
2016-01-11 19:55:36
Бугунку кечени КТРК алып бербейт..Россиянын бир гана Евроспорт1 деген каналы туз алып берет..
0
Maks_shop
2016-01-11 21:19:46
Биздин каналдардын духу жетпей калат
+1
fara2503
2016-01-11 22:06:15
Роналду алса жакшы болот ко Месси деле голдорду киргизген боюнча албады беле . Эч кандай трофей утпай эле.
0
talant87
2016-01-12 00:08:57
ким алды экен мыкты оюнчу намын жазып койгула билсенер
0
fara2503
2016-01-12 01:17:49
Комментер неге корунбой жатат админ
0
admin_portal
2016-01-12 10:00:08
fara2503, саламатсызбы!
Кандай катачылыктар чыгып жатат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан