Футбол боюнча өлкө чемпиону Оштун "Алай" футболдук клубу Түркияда машыгуу сборун өткөрүп жатат. Машыгуу сбору команданын Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүүдө.
Команда 10-январда Түркиянын Биринчи Лигасында ойногон "Самсунспор" клубу менен машыгуу сборун өткөрдү. Команданын мыкты футболчуларынын бири, ТОП-Лиганын акыркы сезондогу бомбардири Алиа Силла документтерге байланышкан маселелерден улам Түркияга барган эмес. Ошол себептүү оштук клуб мыкты оюнчусун колдоно алган жок. Беттеш 3:0 эсебинде түркиялыктардын жеңиши менен аяктады.
Оюндан кийин команданын башкы машыктыруучусу Айбек Татанов оюн дээрлик бирдей деңгээлде өткөнүн, атаандаш болгону мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда мыкты болгонун айтты.
Кошумчалай кетсек, "Алай" Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш 9-февралда Ливанда өтөт.