Лионель Месси карьерасында 5-ирет "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталып, "Алтын топ" сыйлыгына ээ болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 11-январда Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда бир катар наамдар боюнча дүйнөнүн мыктылары аныкталды.

Бул күнү эң беделдүү сыйлык катары "Алтын топ" сыйлыгы тапшырылды. Ага аргентиналык Лионель Месси ээ болду. Ал бул сыйлык үчүн жарышта Криштиану Роналду жана Неймарды артта калтырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Месси добуш берүүчүлөрдүн добушунун (улуттук курама командалардын машыктыруучулары жана капитандары) 41,33 пайызына ээ болгон. Криштиану Роналду добуштардын 27,76 пайызына ээ болсо, Неймар 7,86 пайыз добуш алган.

"Бала кезимде мындай ийгилик тууралуу керек болсо ойлонгон эмесмин. Жашоомду түркүн түскө боёгон футболго рахматымды айтам. Ортодо Криштиану сыйлыкты алып жатканын көрүүчүлөрдүн катарына отуруп көрүп, кайрадан бул сыйлыкка ээ болгонум үчүн чексиз кубанычтамын",- деди Месси сыйлыкты алып жатып.

Ура! Месси "Алтын топ" сыйлыгын алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
elmurat.kg
2016-01-12 02:23:49
ФИФА опубликовала итоги голосования по выбору лучшего игрока 2015 года. «Золотой мяч» достался нападающему «Барселоны» Лионелю Месси, который получил 41,33% голосов. На втором месте расположился форвард «Реала» Криштиану Роналду (27,76%), а третьим стал нападающий «Барселоны» Неймар (7,86%).
+1
Neizvestno777
2016-01-12 02:30:12
Айттым эле го Месси алат деп
+3
elmurat.kg
2016-01-12 02:34:26
Конулунузго катуу тийсем кечиресиз автор.кызышып кеттим.
+1
Nurbelek
2016-01-12 02:35:19
Во Молодец. Рекордду жанылап койду азамат!
+2
elmurat.kg
2016-01-12 02:44:31
Учоо бирге болсо да сонунго
+1
nari94germanya
2016-01-12 03:18:57
Yraaaa messi alyptyr.men bir dosym mn meldeshtim ele.byirysa jenish men tarapta eken))))messi altyn top syilygyn alsa, men ortogo koiylgan syilygymy alaiyn)))) messi azamatsyn!
+4
aizada15
2016-01-12 08:01:10
Раналдо алтын топту жаман караптырго
+3
nelya88
2016-01-12 08:28:04
Молодец,сыйлыгын кут болсун! Татыктуу жениш!
+1
admin_portal
2016-01-12 09:24:11
kelechek.kg,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Patriot...kg
2016-01-12 10:54:01
КУттуктайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан