Учурда Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат. Бул күнү бир катар наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.
Анда алгачкы сыйлык катары Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Эң кооз гол” сыйлыгынын ээси аныкталды. Мыкты голдорду тизмектөөдө 2014-жылдын 27-сентябрынан 2015-жылдын 23-сентябрына чейинки аралыкта киргизилген голдор каралган. Кыскартылган тизмеге Алессандро Флоренци ("Рома"), Уэнделла Лира ("Гоянезия") жана Лионель Мессинин ("Барселона") голдору кирген. Жыйынтыгында бул сыйлык Уэнделла Лирага тапшырылды.