Учурда Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат. Бул күнү бир катар наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Алгач 2015-жылдын символикалык курамы аныкталды. Курамга "Барселонанын" 4 футболчусу, "Реалдын" 4 футболчусу кирди.
Тизме төмөнкүчө: Мануэль Нойер ("Бавария"), Марсело ("Реал"), Тиаго Силва (ПСЖ), Серхио Рамос ("Реал"), Дани Алвес ("Барселона"), Андрес Иньеста ("Барселона"), Лука Модрич ("Реал"), Поль Погба ("Ювентус"), Неймар ("Барселона"), Лионель Месси ("Барселона"), Криштиану Роналду ("Реал").