12-январга караган түнү Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул күнү дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгы 5-ирет аргентиналык футболчу Лионель Мессиге тапшырылды. Бул күнү "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу тууралуу пикирин билдиргендердин катарында анын башкы атаандашы Криштиану Роналду да болду.
Ал: "Мен Лео Мессинин сол бутуна суктанып тим болом. Анын сол буту менин сол бутума салыштырмалуу бир топ мыкты",- деп айтып күлүп алды. Андан тышкары Криштиану бул күнү сыйлык Леого тие турганын айтып: "Мен сыйлык тапшыруу аземине мага добуш бергендерди сыйлаганымдан улам келдим",- деп кошумчалады.
Месси болсо өз кезегинде Роналдунун мыкты сапаттарга ээ экенин, ар бир профессионал футболчу ал сапаттарга ээ болууну каалай турганын айтты.
Кошумчалай кетсек, Лео бул сыйлыкты карьерасында 5-ирет алса, Криштианунун эсебинде 3 "Алтын топ" бар. Сологой Месси жогорку чеберчилиги менен көптөрдү суктандырып келет.