Ботулизмге кабылып Тогуз-Тородон келген 2 жарандын абалы оор бойдон калууда

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы ботулизмге кабылган 2 адамдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын директору Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Кочкор районунан ботулизмге кабылып келген 12 бейтаптын ичинен 2 адам абалы жакшы болуп, үйүнө чыгарылды. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 3 бейтап жалпы бөлүмгө которулду. Ал эми Тогуз-Тородон келген 2 адамдын абалы оор бойдон калууда, алар дагы эле аппараттын жардамы менен дем алып жатышат", - дейт дарыгер.

Белгилүү болгондой, кечээ Ысык-Ата районунан ботулизм менен 50 жаштагы аял келип түшкөн. Учурда анын абалы туруктуу. Ооруканада азыркы тапта аталган оорудан 18 адам дарыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tatli_Melek
2016-01-12 20:20:52
Аллах шыпаасын берсин! Эч ким оорубасынчы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан