"Тартиптүү айдоочулар уюму" Инстаграмдагы Bektenaliev01 ысымы менен жүргөн колдонуучунун видеолорун бириктирип, "атактуу болгусу келип жатат, келгиле, жардам беребиз" деген жазуусу менен таратты. Видеодо аталган колдонуучу жөө жүрүүчүлөрдү суу тапанчасы менен аткылап, өзгөчө унаа номерлери менен мактанганын көрүүгө болот.
Ошондой эле тапанча кармап, камуфляж кийип, рация менен түшкөн сүрөттөрдөн улам Bektenaliev01 укук коргоо органдарында иштейт деген пикирди жаратат. Учурда Инстаграмдан Bektenaliev01 аттуу колдонуучунун баракчасын табууга болбойт. Бул видеодон соң өчүрүлгөн же ысымы алмаштырылган болушу мүмкүн.