Кыргыз футболчусу Мирлан Мурзаев карьерасын Бахрейнде улантат

Футболчу, улуттук кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзаев карьерасын Бахрейнде улантат. Футболчу Манаманын "Аль-Ахли" клубу менен келишим түздү. Келишим сезондун аягына чейин түзүлдү.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, М.Мурзаев аталган клубга түркиялык "Афжет Афьонспор" клубунун курамынан келип кошулду. Түркиянын 4-Лигасында ойногон клуб үчүн футболчу 11 расмий беттеш өткөрүп, 5 гол киргизген.

"Аль-Ахли" клубу Бахрейндин Жогорку Лигасында алгачкы айлампанын жыйынтыгында (9 тур) 6-орунду ээлеп келе жатат.

Кошумчалай кетсек, бул лигада улуттук курамдын дагы бир футболчусу Азамат Байматов да ойнойт. Ал "Ситра" клубунун курамында ойноп жатат. "Ситра" 9-турдан кийин 7-орунду ээлеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elmurat.kg
2016-01-12 18:06:35
Оо сонунго
+1
Urmat-1989
2016-01-12 18:18:38
жогорку лигада ойнойт экен да жакшы
+3
beku5761
2016-01-12 19:09:03
ийгилик
+1
mamashov-emil
2016-01-12 20:51:49
ен сонун, мирланга давно ушундай топ лигада ойнош керек болчу, озун турциянын 4 лигасында корсотуп бахрейндин топ лигасына отту ийгилик еми азаматка каршы ойноп калат кызыктуу болот, еми бахрейндин чемпионатын коруп поддержим, турцияда 1 лигада ойной турган оюнчу еле мурзаев
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан