Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевдин иши каралды. Сот аны күчөтүлгөн режимде 6 жылга эркинен ажыратып, М.Чакиев сот залынан камакка алынды. Прокурор күчөтүлгөн режимде 10 жылга эркинен ажыратууну суранган эле. Маалыматты 12-январда судья Эмилбек Каиповдун жардамчысы ырастады.
Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган болчу. Бирок Бишкек шаардык соту аны 11-июнда үй камагына чыгарган.