2016-жылдын 12-январынан 14-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу кыргыз жергесинин тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 жана 198-265-чакырымдарында, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Жогорудагы шашылыш эскертүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 12-январында ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.
Андан сырткары Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2016-жылдын 13-январынан 20-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Ага ылайык, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынан артиллериялык топ кар көчкүлөрүн атып түшүрүү үчүн 2016-жылдын 13-январында Чүй облусунун Кой-Таш айылынан саат 06:00дө жолго чыгышты.
Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан сааттарда Бишкек-Ош унаа жолунун айрым аймактарында жол убактылуу жабылат.