Муфтий баштаган делегация Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары менен жолугушту

Кечээ Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев, Мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев, аталган башкармалыктын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Хамидулла Садиллаев жана Кыргыз Республикасынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Хусейн Аш Шариф менен жолугушту.

"Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Хусейн Аш Шариф муфтияттын 2015-жылы уюштурган ажылык иштерине жогорку баасын берип, кыргыз өлкөсүнүн зыяратчылары ажылык учурунда жүрүм-турумдары менен өзгөчөлөнгөндүгүн баса белгилөө менен ыраазычылыгын билдирди",- деди Хамидулла Садиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан