Калаанын Медициналык тез жардам станциясы Японияда чыгарылган адистештирилген 9 унаа менен толукталат. Бул тууралуу 12-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
2014-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэри жана Кыргыз Республикасындагы Япония элчисинин жолугушуусунда мэрия шаарга "Тез жардам" унаалары керек экендигин билдирген.Тез жардамдын ишинин сапатын жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Япония элчилиги "Тез жардам" унаасын жеткирүүнү карап чыккан.
Өткөн жылдын аягында Кыргыз Республикасында Япония элчилигинин техникаларды жеткирүү маселелери менен иш алып барган Crown Agents компаниясы тарабынан жабдуулары менен "Тез жардам" унааларын алып келүүгө жана Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам станциясынын кызматкерлерин окутуу үчүн тендер жарыяланды. Заманбап "Тез жардам" унаалары 2016-жылдын январь айынын аягына чейин алынып келинет.