Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттары бүгүнкү жыйынында президент Нурсултан Назарбаевге Мажилисти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда жаңы шайлоону өткөрүү боюнча сунушту колдоого алышты. Документ эми өлкө жетекчисинин кол коюусуна жиберилмекчи. Депутаттардын бири Нурлан Абдиров кезексиз шайлоо өткөрүү өлкөдөгү экономикалык кырдаалды оңдоого байланыштуу экенин казакстандык маалымат каражаттарына билдиришти.
"Бүгүн үч фракциянын өкүлдөрү биригип президентке кайрылуу даярдадык. Бул кайрылуу Мажилисти таратуу боюнча. Бул маселени бардык фракциялар талкуулап, жактырышты",- деди Абдиров.
Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылы өткөн. Анда жалпы 7 партия ат салышып, анын ичинен "Нур-Отан", "Ак жол" жана Коммунисттик элдик партиялары жеңишке жеткен.
Казакстанда парламенттик шайлоонун бири да өз учурунда өткөн эмес. Парламенттин баары мөөнөтүнөн мурда таратылып, мөөнөтүнөн мурда белгиленип келген.