Обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата Ош шаарында 12-январь күнү эскерүү болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашев, чыгармачыл инсандар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Абдыкадыровдун жакын туугандары катышты.
Алгач Сулайман-Тоонун жанында жайгашкан Р.Абдыкадыровдун күмбөзүндө куран окулуп, андан соң филармониянын жанында жайгашкан обончунун эстелигине гүл коюлуп, эскерүү реквиеми болду.
Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев улуу талант кыргыздын тарыхында калтырган изи менен элдин жүрөгүндө жашап кала берерин билдирди. “Ырдын пири Рыспай агабыз тирүү болгондо, бүгүн 75 жашка толмок экен. Тилекке каршы, азыр арабызда жок, бирок анын аткарган ырлары, жараткан композициялары менен көөнөрбөс таланты элдин эсинде калды. “Атактуу ырчы Рыспай, ааламдан келген ырыстай” деп айтылгандай эле, кыргыз маданиятына өз таланты, жараткан обондору, аткарган ырлары менен кайталангыс ырыскысын чачып кете берди. Ошондуктан кыргыз эли бар экен, Рыспай агабыздын калтырган эмгектери элдин эсинен чыкпай, урпактан урпакка өтүп жашап кала бермекчи”,- деди А.Кадырбаев.
КРнын Президентинин жарлыгына ылайык, 2016-жыл - Маданият жана тарых жылына карата жана
Р.Абдыкадыровдун 75 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында жакынкы күндөрү жалпы журттун катышуусу менен чоң программадагы иш-чара уюштуруларын калаа башчысы белгилеп өттү.