Өрттөнүп жаткан үйдөн бир үй-бүлөнү өлүмдөн сактап калган ата-балага медаль тапшырылды

"Супер-Инфо" гезити №683-санында ата-баланын бир үй-бүлөнү өлүмдөн сактап калганы тууралуу жазган эле. Бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык учурунда каармандык көрсөткөн Жаныбек Токбаев жана уулу Максатты "Өрт учурундагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйлады. Тийиштүү буйрукка министр Кубатбек Боронов кол койгонун ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, өрт кырсыгы 23-ноябрь күнү таңкы саат 4 чамасында болгон. Анда Жаныбек Токбаев жубайы жана уулу Максат менен "Манас" аэропортуна бара жаткан. Жолдон Рухий-Мурас конушундагы бир үйдүн өрттөнүп жатканын көрүшкөн. Үйдөгү адамдарды ойготуп, 5 адамды өлүмдөн сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurbol
2016-01-13 14:02:08
Жакшы иш чара, сыйлык берип
+2
Patriot...kg
2016-01-13 14:16:40
Куттуктайм
+2
perichte
2016-01-13 14:17:24
Азаматтар!!!
+2
mira28
2016-01-13 14:48:24
Чыныгы баатырдык деп ушуну айт балли
+3
aiturgan2015
2016-01-13 15:02:10
куттуктайм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан