Бүгүн, 13-январда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы Бишкектеги мыйзамсыз салынган курулуштарды текшерүүгө алды. Анда бир катар көп кабаттуу турак үйлөр текшерилип, мыйзамсыз салынып жатканы белгилүү болду.
Көк-Жар жаңы конушунда жеке фирма тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үй да каралды. Анын бул жерге турак жай салууга уруксаты жок болгондуктан, курулушту токтотуу талабы коюлуп, 20 миң сом айып салынган. Фирма айыпты төлөп, бирок турак жайды салуу ишин толугу менен токтотпогондуктан, бул ишти сотко берүүгө даярдык көрүлүп жатканын Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков белгилеп кетти.
Ошондой эле Панфилов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу 90 пайызга бүткөрүлгөн үй текшерилди. Бул жай жалпы колдонуудагы жер тилкеси болгондуктан, Бишкек мэриясы 2004-жылы курулушка берилген уруксатты 2006-жылы кайрадан кайтарып алган.
Бишкек шаарынын аймактык башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Тынай Нургазиев бул жайга үй салуу үчүн 2004-жылы уруксат берилип, 2006-жылы уруксат кагазы кайрадан кайтарылып алынганын айтты.
"2004-жылы Бишкек шаардык мэриясынан уруксат берилген. 2006-жылы кайрадан курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган, себеби бул жерге коомдук жай салынмак. Бирок курулуш иштери улана берген. Биздин инспекция 2012-жылы гана түзүлүп ишке кирди. Андан бери бул курулушту токтотууну талап кылып келгенибиз менен, курулуш улантылып, аргасыздан свет, суу бербей койдук. Ошондо гана ишти токтотушту",- деди Нургазиев.
Бишкек шаары боюнча мыйзамсыз курулуштардын тизмеси азыр такталып, жакынкы күндөрү бул тууралуу маалымат беришерин аталган инспекция билдирди.