Кечээ, 12-январда Катардын Доха шаарында футбол боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугу старт алды. Мелдешке 22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн 16 курама катышууда. Анда командалар 4 тайпага бөлүнүп, кийинки баскычтын жеңүүчүлөрүн аныкташат. Бул мелдеште кыргыз калыстары Дмитрий Машенцев менен Исмаилжан Талипжанов кызмат алышат.
Кошумчалай кетсек, тандоо турунда жеңилүүгө дуушар болгон өлкөбүздүн жаштар курамасы аталган мелдешке катышкан жок.