Ош. Волейбол боюнча "Бурганак" лигасынын экинчи баскычында Баткендин командалары жеңүүчү аталышты

10-13-январь аралыгында Ошто балдар жана өспүрүмдөрдүн "Бурганак" волейбол лигасынын түштүк аймагы боюнча экинчи баскычы орун алды. КРнын Волейбол лигасынан кабарлашкандай, мелдешке жалпысынан 21 команда катышкан. Спортчулардын курактарына токтолсок, анда 1998-2000-жылдар аралыгында төрөлгөн спортчулар ойношту.

Анда жалпысынан балдар арасында 10 команда болсо, жыйынтыгында Баткен шаарынын спортчулары 1-орунду ээлешти. Сыйлык алган үчтүккө Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунун спортчулары кирди.

Кыздар арасындагы мелдеште 11 команда болду. Анда Баткен районунун кыздары атаандаштарынан мыкты болуп чыгып, алтын медалды багындырышты.

Мелдештин кийинки баскычы март айында Жалал-Абад облусунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2016-01-13 21:31:34
Ноокат акыркы кундору жакшы ойнобой жатасынар.
0
kgalik
2016-01-14 18:32:19
Ош бажы ойнобой калдыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан