Чолпон-Ата шаарында каракчылык менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жеке ишкерлерди тоноо жана алардан акча талап кылуу менен алектенип келген.
Чолпон-Ата шаарында 2015-жылдын ноябрь айында түнкү саат 02:30 чамасында белгисиз адамдар шаардан келген жеке ишкерлерге кол салышкан. Кылмышка шектүүлөр бычак, темирлер менен үйгө кирип, жеке ишкерлердин акчасын алып, аларды көл жээгине алып барып токмоктошкон. Бул факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
5-январь күнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Чолпон-Атадан мурда 4 жолу соттолгон 36 жаштагы К.Ж. кармалды. Учурда ал Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынып, кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн издөө иштери улантылууда.