Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жөлөк пул алган балдардын саны Кыргыз Республикасы боюнча Бишкек шаарында аз экенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2016-жылдын январь айындагы маалыматка ылайык, борбор калаада аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөгө ай сайын 980 сомдон бөлүнөт.
Облустар боюнча аз камсыз үй-бүлөлөрдүн көрсөткүчү төмөнкүдөй:
- Жалал-Абад облусунда – 34 411 үй-бүлө;
- Ош облусунда – 32 560 үй-бүлө;
- Баткен облусунда – 13 657 үй-бүлө;
- Нарын облусунда – 8528 үй-бүлө;
- Талас облусунда – 4770 үй-бүлө;
- Ысык-Көл облусунда – 3599 үй-бүлө;
- Чүй облусунда – 1445 үй-бүлө.
Нарын облусунда жөлөк пулдун өлчөмү бир бала үчүн 1 014,3 сомду түзүп, бардык облустар боюнча жогору турат.