Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз өлкөсүндө жүргөн Орусия жарандарын каттоо мөөнөтүн бузбоого чакырды

2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда кол коюлган макулдашууга ылайык, өлкө жарандарынын эки өлкөнүн аймагында 30 күн гана каттоосуз жүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. 30 күндүн өтүшү менен келген тараптын компетенттүү органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл. Бул макулдашууга чейин Орусия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүсү 90 күн болгон.
Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүнкү күндө киргизилген каттоо тартибин билбегендигине байланыштуу каттоо мөөнөтүн бузуу учурлары көп кездешип жатканын 14-январда билдирди. Ошондуктан аталган мекеме Орусия жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз 30 гана күн жүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин дагы бир жолу эскертет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилиги жөнүндө кодексине ылайык, чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартибин бузган учурда эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KyrgyzKagan
2016-01-14 10:30:15
Балээ эле болгон турбайбы эми? Оруссияга кыргыз барат. Ал эми Кыргызстанга келген орус жарандарынын 99% ти кыргыздар болуп жатпайбы? Кимге пайда кимге зыян.
+4
aizatka87d
2016-01-14 10:30:52
Кыргызстанда миграционный полиция барбы мисалы мен билбейт экем билгендер жазып койгулачы.
0
Va.vasm
2016-01-14 17:34:14
aizatka87d,Бар жогун билбейм, бирок чек арадан чыгып келатканда 500-1000ден толоп чыгып жатышат. Чекарачылардын коркутканы депортация, элестете бер ата-энене беш жыл баралбай каласын.
0
zhusubali
2016-01-14 10:36:08
билбейм менда
0
BekAmir
2016-01-14 11:21:39
Алар Орусиянын жаранын жыргаганынан алышкан жок. Иштеп турмуш шартын ондоп созсуз Кыргызстанга биротоло келишет
+3
Ago
2016-01-14 13:58:09
Орусянын жарандыгын алган кыргыздардан башка эч ким барбайт кыргызстанга эээй чондор .Токтоткула аран нан таап жеп жаткан кыргыздарды тоногонунарды!!!! Унаага салык жашаган уйуно салык Учунчу тонкорушту жакындатып койдунар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан