Былтыр издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун 42 мүчөсү кармалып, жоопко тартылган

2015-жылы 12 ай ичинде өлкө боюнча ар кандай кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн 42 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жоопко тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов билдирди.

"Азыркы учурда Ички иштер министрлиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон 15 адам ар кандай кылмыш фактылары боюнча издөөдө жүрөт. Ошондой эле ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жана анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 479 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылды",- деди М.Каниметов.

- Адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет жасоо - 11;
- Адамдарды уурдоо жана сатуу - 13;
- Каракчылык - 35;
- Талап-тоноо боюнча - 17;
- Алдамчылык - 96;
- Пара алуу - 10;
- Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу - 33;
- Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү - 50;
- Уурулук - 25;
- Автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу - 5;
- Баңгизаттар боюнча - 30;
- Аткезчилик - 3;
- Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, зордуктоо - 9;
- Башка кылмыштар - 90.

Маалыматка таянсак, өткөн жылы соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөн 90 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан