"Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургунун сабап, акча талап кылган" деген шек менен кылмыштуу топ кармалды. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин 14-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 29-декабрында саат 16:00 чамасында белгисиз адамдар А.Т. аттуу жаранды күч колдонуу менен мамлекеттик номуру жок Субару Импреза унаасына салып Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылына алып келишкен.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөрдүн биринен өткөн жылдын август айында А.Т. аттуу жаран Гольф-3 унаасын сатып алган. Унаа сатып алгандан калган 25 миң сом карызды төлөөнү талап кылышып, аны 3 сааттай кармашкан. 17 миң сом алган соң коё беришкен.
Факт боюнча "мыйзамсыз эркинен ажыратуу", "опузалоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун жашоочулары: 29 жаштагы Алмазбек Базарбаев (буга чейин уурулук, карактоо, маңзат сактоо боюнча бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү), 25 жаштагы Айбек Бакбаев (буга чейин "бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон) жана 32 жаштагы Марат Бакбаев кармалды.
Кылмышка шектүүлөрдөн жабыркаган жарандар (0555) 03-36-86 номуру аркылуу укук коргоо органдарына билдиришсе болот.