Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бүгүн, 14-январда алдамчылык фактыларына шектүү аял кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Я.О. аттуу жаран кайрылып, 1132 доллар акчасын алып, кайра бербей койгон Асел аттуу чала таанышына карата чара көрүүнү суранган. Асел аттуу аял "Ырайым" фондунун кызматкери катары өзүн тааныштырып, жабырлануучуга Данияга барып билим алууга жардам берерин айткан. Бирок убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.
Факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 36 жаштагы Ибраева Асел Эстеликовна кармалды. Азыркы тапта анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар (0 777) 33-10-84, (0 553) 10-26-87 номерлерине кайрылышса болот.