Жайыл районунда баңгизат менен 32 жаштагы адам кармалды

Жайыл районунда баңгизат менен 32 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында көчөдөн шектүү жаран токтотулуп, анын документтерин текшерүү учурунда жанынан баңгизат табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында ал жалпы салмагы 31,40 граммды түзгөн кара куурай экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан